Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

«Мээрим» фондунын төрайымы Ошто студенттер менем жолугушту


ОШ. Президент Аскар Акаевдин 23-январдагы Ошко жасаган сапары менен кошо барган биринчи айым, "Мээрим" фондунун төрайымы Майрам Акаева Ош технологиялык университетинде өзүнүн "Үмүттүн шооласы өчпөйт" аттуу китебинин кыргызча котормосунун бет ачаарын өткөрдү. Өз сөзүндө Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турган мамлекет экендигин белгиледи. Майрам Акаева китеби жөнүндө сөз кылуу менен бирге студенттерди "Мээрим" фондунун бүткөргөн иштери менен тааныштырды. Ага удаалаш облустагы жогорку окуу жайлардын мыкты окуган студенттерине президенттик стипендия тапшырылды. Аягында Ош технологиялык университетинин окумуштуулар кеңеши биринчи айымга ОшТУнун ардактуу профессору деген наам ыйгарды.

XS
SM
MD
LG