Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Шаар мэри жыйын өткөрдү


БИШКЕК. 23-январда Бишкек шаарынын мэри Медетбек Керимкулов борбордун өткөн жылдагы өнүгүүсү жана быйылкы жылы аткара турган иштерине байланыштуу маалымат жыйынынын өткөрдү. Керимкуловдун айтымында, өткөн жылы шаардын Ички дүң продуктысы 20 миллиард сомго жетти. Ал эми экспорту 380 миллион доллар болуп, 2002-жылга салыштырмалуу 20% ке өскөн. Ал эми тартылган түз инвестициянын көлөмү 80 миллион доллар болду. Быйылкы жылы шаардын жолдорун оңдоо улантылып, Киев, Алматы жана Правда көчөлөрү толук оңдоодон өткөрүлөт. Президенттин тапшырмасына ылайык, мэрия 2008-жылга чейин борбордун ички дүң продуктысын 2 эсеге көбөйтүп, 40миллиард сомго жеткирүүгө аракеттенет. Быйылкы жылы шаар ИДПнын көлөмүн 25 миллиард сомго жеткирип, дээрлик 9% өсүштү камсыз кылыш керек, дейт шаар мэри Медетбек Керимкулов.

XS
SM
MD
LG