Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:44

Өкмөт башчынын сапары аяктады


БИШКЕК. Кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаевдин Орусия Федерациясына жасаган жумуш сапары соңуна чыгып, Кыргызстанга келди. Бирок, Николай Танаев жетектеген кыргыз делегациясын алып келаткан учак 22-январдан 23-январга караган түнү «Манас» аба майданындагы туманга байланыштуу Ош аба майданына конууга мажбур болгон. Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин маалымдоосуна караганда, Танаев Москвада орус өкмөт башчысы Михаил Касьянов баш болгон министрлер менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Орусияга карызынын ордуна жумуруяттагы айрым аскердик өнөр жай заводдорун берүү маселеси да козголгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG