Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Жалалабадда чыр чатактарды алдын алуу маселеси тегерек үстөлдө өттү


ЖАЛАЛАБАД. Жыйынды облустагы «Тынчтык орнотуу» коомдук уюму өткөрдү. Талкууга катышкан ноокендик атуулдардын ою боюнча чек ара кыштактарындагы проблемаларга бийликтегилер көңүл бурушпайт. Кургатуучу жабдыктардын жоктугунан үйлөр сыз тартып турат. Мал уурулукка, жайытка байланышкан проблемалар да орчундуу. Маалымат мейкиндигинде Өзбекстандын үналгы, сыналгысы үстөмдүк кылат. Чек ара, бажы кызматчыларынын ары-бери өткөндөргө мыйзамсыз мамиле жасоосу кадыресе иш болуп калды. Чекарадан алып өтүүчү азыктардын, буюмдардын тизмеси илинген такта жок. Швейцариянын кызматташуу жана өнүктүрүү агенттиги колдогон коомдук бирикмедегилер ушундай проблемаларды аныктоо менен жаңжалдарды болтурбоонун ыкмаларын аларга үйрөтүштү.

XS
SM
MD
LG