Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Европа биримдиги Кыргызстанда баңгизаттарга каршы күрөш жүргүзөт


БИШКЕК. Европа Биримдиги февраль айынан тарта Кыргызстанда эки ири долбоорду аткара баштайт. Ал үчүн Биримдиктин 30 миллион евро бөлөөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча Кыргызстандын мамлекеттик агенттигинин төрагасынын кеңешчиси Алмаз Карабалаев бүгүн билдирди. Анын айтымында, биринчи долбоор Борбор Азия регионунда чек араны көзөмөлдөөнү жакшыртууга багытталса, экинчи долбоор региондо баңгизаттардын мыйзамсыз айлануусуна каршы күрөшкө багытталат. Европа Биримдиги буга чейин баңги заттарга каршы күрөштү Казакстан аймагынан жүргүзсө, эми андай ишмердүүлүгүн Бишкекке которуууда. Бул Кыргызстандын баңгизаттарын ташуунун жолунда жайгашуусуна байланыштуу жасалууда.

XS
SM
MD
LG