Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Кыргызстан менен Жапония ортосунда кызматташтык өнүгүүдө


БИШКЕК. Кыргызстан Жапониянын Борбор Азия кызматташтык уюму менен өнөктөш мамилелерин калыптандырууга көмөк көрсөтөт. Ал эми президент Аскар Акаев үстүбүздөгү жылы Жапонияга расмий иш-сапары менен барат. Иш сапардын учурунда өлкөнүн ортосундагы 12 жылдык кызматташуу жыйынтыкталып, болочоктогу саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун планы иштелип чыгат. Бул жөнүндө бүгүн өткөн пресс-конференцияда Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов маалымдады.
Өлкөнүн тышкы иштер министри расмий иш-сапары менен Жапонияда 16-январдан 21-январга чейин болду. Сапар учурунда Аскар Айтматов Жапониянын тышкы иштер, экология министрлери жана башка расмий жетекчилери менен жолугушту. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык, Жапониянын Кыргызстанга болгон экономикалык жардамдарын көбөйтүү, эки өлкөнүн эл аралык уюмдардагы кызматташтыктарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

XS
SM
MD
LG