Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:03

Еврошаркет Тайланддан канаттуулар этин импорттогонго тыйуу салды


БРҮССЕЛ. Тайландда канаттуулар сасык тумоосунун эпидемиясы тутанганына байланыштуу Еврошаркет бул өлкөдөн канаттуулар этин импорттоого тыйуу салды. Мындан мурда Тайланддын жетекчилиги өлкөдө алгачкы эки киши канаттуулар сасык тумоосун жугузуп алгандыгын билдирген. Бул дарт өлкөнүн 16 провинциясындагы канаттуулар фермаларын каптады. Адамдарга жуккан бул оору Вьетнамда 5 кишинин өмүрүн алып кетти. Ооруга чалдыккан адамдар, ошондой эле, Жапонияда, Тайванда жана Түштүк Кореяда катталды. Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюму башка вирустар менен аргындашкан канаттуулар вирусу адам баласы үчүн чоң коркунуч жаратышы мүмкүн деп эскертет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG