Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Пакистандын президенти өлкөдө окумуштуулардын камакка алынышын жактап чыкты


ДАВОС. Пакистандын президенти Первез Мушараф өзөктүк технологияга тийешеси бар окумуштуулардын камакка алынганын жактап, алар жашыруун сырды чет өлкөгө саткан болуу керек деген шек бар экенин айтты. Бүгүн Давосто СИ-ЭН-ЭНдин кабарчысы менен сүйлөшкөн Мушараф андай мыйзамсыз иштерге мамлекеттин катышы жок экенин кайталады. Мамлекеттик жашыруун маалыматтарды чет элге саткан деген шек менен өкмөт бир топ илимпоздор менен чиновниктерди камакка алган эле. АКШ андай жашыруун маалыматтар “Индияга, Түндүк Корея менен Ливияга сатылган болушу ыктымал” деп тынчсызданган.

XS
SM
MD
LG