Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:47

Франция Россиядан Чеченстандагы согушту токтотуусун талап кылды


МОСКВА. Москвада иш визит менен жүргөн француз тышкы иштер министри Россияны Чеченстандагы согушту токтотууга үндөдү. Доминик Де Вилпен Россиянын Эл Аралык Тышкы Байланыштар Институтунун студенттеринин алдында сөз сүйлөп, Россиядан козголоңчул республикага байланышкан жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүсүн талап кылды. Бүгүн Де Вилпен Россиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов менен сүйлөшүп, Ооганстан, Жакынкы Чыгыш маселелерин жана Россия менен Еврошаркеттин ортосундагы проблемаларды талкуулады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG