Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:16

Ирандын Жогорку Көзөмөл Кеңеши талапкерлерди иргөөдө кетирилген катачылыктарды оңдойт


ТЕГЕРАН. Ирандын Жогорку Көзөмөлдөө Кеңеши парламенттик шайлоого талапкерлерди иргөөдө кетирген катачылыкты оңдой турганын билдирди. Бирок ошону менен бирге кеңештин өкүлү Аятолла Ахмад Янати кеңеш талапкерлерди иргөөдө мыйзамдын чегинен чыкпай турганын билдирди. Янатинин айтымында, кеңеш бул жаатта көргөн чаралары жөнүндө ушул айдын соңунда маалымдайт. Шайлоого катышуудан четтетилген талапкерлердин көбү - реформаторлор. Көзөмөл кеңешинин чечимине каршылык билдирген реформаторлор алдыдагы парламенттик шайлоону бойкоттогонго, ал эми бир катар кабинет мүчөлөрү кызматтан кеткенге кесенип жатышат.

XS
SM
MD
LG