Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 14:42

Иракта антиамерикалык демонстрациялар уланууда


БАГДАД. Аятолла Али Хусейин ас-Систани Кербаладагы жума намаздын учурунда ирактыктарга кайрылып, нааразылык акцияларын Улуттар Уюмунун Иракка өз өкүлдөрүн жиберүү чечими чыгарылганга чейин токтотуп турууга үндөдү. Мындан мурда аятолла Ирактын өкмөтүн шайлоо боюнча АКШнын сунушун четке кагып, өкмөт жалпы шайлоодо тандалууга тийиш деген талабын көтөргөн. Систани Ирактагы процесске Улуттар Уюмунун активдүү аралашуусун колдойт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG