Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:18

КЕҢЕЙҮҮ ЖОЛУНДА ТУРГАН ЕВРОБРИМДИКТИН НЕГИЗГИ КӨЙГӨЙЛӨРҮ


Айнура Жекше кызы Европа Биримдигине жаңы мүчөлөр кабыл алына электе эле, уюм келечекте көптөгөн проблемаларга туш болот деген жоромол улам-улам кайталанып келатат. Мисалы, дешет эксперттер, Биримдик бюджетти “эскилер” менен “жаңылар” ортосунда тегиз бөлүштүрүү, чыгыш европалык иммигранттар жана башка маселелерди чечүүгө тийиш.

Жылдарга созулган даярдыктардан кийин, быйыл жазында Евробиримдикке 10 жаңы мүчө кабыл алынат. Муну айрымдар кубануу менен күтүп жатса, кай бирлери чоң өкүнүч, кооптонуу менен кабыл алышууда. Кандай болгон күндө да, бул окуянын Европа тарыхына кирип калаары талашсыз.

Уюмдун азыркы төрагасы Ирландиянын премьер-министри Бертие Ахерн Европарламентте чыгып сүйлөп, Биримдиктин кеңейүүсүнүн маанилүүлүгүн мындайча баалады:

- Ирландиянын төрагалыгы 15 мүчөдөн турган уюмда башталып, алардын саны 25ке жеткенде аяктайт экен. Тарыхый учурда төрагалык кылуу биз үчүн абдан сыймыктуу. 1-майда Дублинде өтүүчү кабыл алуу салтанатын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

Булон өлкөнү эсиңиздерге сала кетсек, алар – Эстония, Латвия, Литва, Польша, Чехия, Словакия, Венгрия, Словения, Мальта жана Кипр.

Былтыркы Ирак кризисинде ал кезде талапкер-мамлекеттердин айрымдары АКШны колдоп, Евробиримдиктин лидер-өлкөлөрү Германия жана Франция тарабынан чоң сынга кабылган эле. Эми “эскилер” менен “жаңылар” ортосунда башынан эле жакшы мамиле түзүү вазийпасы учурдагы төрага катары Ирландияга жүктөлмөкчү.

Кечиктрилгис чара катары Ирландиянын өкмөт башчысы каржы маселелерин чечүүнү атады. Тактап айтканда, бюджет кандай бөлүштүрүлүүгө тийиш экендиги так аныкталууга тийиш.
Брюсселдик аналитик Бен Крамдын пикиринде бул суроо оңойу менен чечилбейт:

- Биримдикке кошулуу боюнча референдумдарда “Ооба” деп добуш берген эл каражат бөлүштүрүүдөгү тилектештикти эң маанилүү деп эсептейт. Албетте, жаңы мүчөлөр үчүн узак мөөнөттүү экономикалык артыкчылыктар каралган. Бирок алардын башкадагы экономикалык каалоолору менен амбициялары бар. Аларды канаатандыруунун жакшы жолу – каражатты кайра багытоо деп ойлом.

Ошондой чаралар 2007-жылы күчүнө кирчү жаңы бюджетте каралат деп күтүлүүдө. Европа комиссиясы регионалдык жардамдын жарымы 10 жаңы мүчөгө багытталсын деп үндөөдө.

Уюмдун расмий өкүлдөрү регионалдык саясат боюнча комиссар Мишел Барнье каражатты “эскилер” менен “жаңылар” ортосунда теңме тең бөлүштүрүү маселесинин үстүнөн иштеп жатканын билдиришти.

Ошол эле мезгилде, уюмдун эң ири дөөлөттөрү – Германия, Франция, Австрия, Британия, Голландия жана Швеция биримдиктин бюджетинин кыскартылышын талап кылышууда.

Бирок Еврокомиссия, жаңы мүчөлөрдүн жакырлыгын белгилеп, жаңы бюджет мурунку эле деңгээлинде калсын деген пикирде.

Чехиялык аналитик Ян Хирш чыгыш европалыктар Биримдиктен чоң акчалай жардам ала алышпай калышы да ажеп эмес дейт:

- Келээрки эки жылда эң татаал талкууларга кабылышыбыз ыктымал. Менимче, жаңы мүчөлөр үчүн каржы жагынан компромисске баруу оңой-олтоң болбойт.

Биримдикти түйшөлткөн дагы бир чоң маселе - иммигранттар болууда.
Британия менен Ирландия 1-майдан кийин эле биздин чек араларыбыз чыгыштан келген жумушчулар үчүн ачык болот деп жарыялашкан. Буга байланыштуу жергиликтүү басма сөздө Чыгыш Европада саны 1 жарым миллиондон ашкан сыгаандар Британияга агылып келет деген кооптонуу пайда боло баштады.

Эксперт Крам мындай кооптонууга негиз жок деп эсептейт:

- 1980-жылдары Евробиримдик Испания менен Португалияны кабыл алганда эми алардын бүтүндөй калкы өнүккөн өлкөлөргө көчүп келет деген сөздөр болгон эле. Иш жүзүндө, андай кооптонуу негизсиз болуп чыккан.

XS
SM
MD
LG