Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

ЕВРО ДОЛЛАРДЫ ЖӨЛӨП-ТАЯГАНГА ШАШКАН ЖОК


Үстүбүздөгү жумада Кошмо Штаттарынын улуттук акчасы - доллар арзандоосун токтотуп, кыска мөөнөткө кубаттана түштү. Доллардын арзандоосу анын дүйнөлүк рыноктогу атаандашы евронун күчтөнүшү менен коштолуп, Европа өлкөлөрүнүн экономикалык өсүүсүнө коркунуч туудуруп жаткан. Талдоочулар доллар акыркы айларда жоготкон кубатын тез арада калыбына келтирээрине ишенишпейт. Алардын айтышынча, доллардын тагдыры АКШ өкмөтүнүн колундагы иш.

Үстүбүздөгү аптада Кошмо Штаттарынын доллары ылдый көздөй жылбышуусун кыска мөөнөткө токтотуп, евро долларга салыштырмалуу бир аз арзандай түштү. Натыйжада, дүйшөмбү күнү 1 евро 1 доллар 24 сентке алмаштырылып жатты. Евро - Европа Биримдигинин орток акчасы.

Ай башында доллар өтө арзандап, 1 евро 1 доллар 30 сентке сатылып калган.

Доллардын бир нече айдан бери биринчи жолу арзандоосун токтотконун көпчүлүк талдоочулар жакшы жышаан катары баалашып, АКШнын акчасы эми кубатына кире баштайт деген үмүттөрүн айтышты.

Куну качып бараткан доллар бир саамга кубаттана түшкөндөн мурда Евробиримдиктин финансы министрлери АКШ акчасынын ашыкча арзандап баратканына тынчсыздануусун билдирген болчу.

Европанын борбордук банкы, кыскача аталышы ЕББнын башкы экономисти Отмар Иссинг да министрлердин артынан эле алардын кооптонуусун колдоду:

- Биз (доллардын арзандап баратканына) көңүл кош карай албайбыз, доллардын алмашуу курсундагы ашыкча көп ажырым бизди тынчсыздантат.

Отмар Иссинг евронун кымбаттоосун токтотуу үчүн ЕББ өз корундагы евроакчалардын айрым бөлүгүнө доллар сатып алабы, бул жөнүндө эч нерсе айтпады. Бирок, айтылган сөздү көпчүлүк аналитиктер ЕББ келечекте акча базарында оголе көп сатылып жаткан долларды сатып ала баштайт, демек евронун кымбаттоосун токтотууга аракет жасалат деп түшүнүштү.

Акыркы жумага чейин ЕББнын жетекчилиги еврону күчтүү кылуу алардын тилеги экенин баса белигеп айтып жүрүшкөн.

Кубаттуу евро Евробиримдиктин монетардык мейкиндигине кирген 12 өлкөнүн экономикасын жандандыруу аракетине бөгөт болуп жаткан. Анткени, Евробиримдиктен экспорттолгон товарлардын баасы кымбаттап, алардын өтүмдүүлүгү начарлап кеткен. Өз кезегинде Евробиримдиктин жарандары арзан товарларды сырт жактардан алышып, өлкө ичинде акчаны аз чыгымдап калышкан. Анын натыйжасында, улуттук экономикага акча аз салынган.

Европа Биримдигинин финансы министрлери менен ЕББнын алдында турган диллема тууралуу Лондондогу “Bear Stearns” инвестициялык банкынын Акча стратегия бөлүмүнүн башчысы Стив Барроу мындай пикирде:

-Европа мейкиндигинин финансы министрлеринин экономикалык өсүүнү каалаганы табигый көрүнүш. Менимче, алар соодадагы абал оңолбосо, өсүш болбойт деп кооптонушат. Күчтүү евро евромейкиндикке кирген өлкөлөрдүн тышка товар сатуусун кыйындатат жана чет өлкөлөрдүн евроаймакка арзан товарларды экспорттоосун жеңилдетет.

Бул сөз улуттук акчаларын еврого “көгөндөп койгон” Чыгыш жана Борбордук Европа өлкөлөрүнө да тийиштүү экенин айта кетмекчибиз.

Бирок, Барроу жана башка эксперттер доллар тез арада кубатына келээрине ишенишпейт.

- Негизги маселе Кошмо Штаттардын соода дефицитинде. Анын жылдык көлөмү 500 миллиард долларга жакындап барат. Кайсы гана тилде айтпайлы, бул өтө чоң сумма. Менин оюмча, Ак Үй администрациясы доллардын арзандоосун соодадагы дефицитти кыскартуунун бир ыкмасы катары көрөт.

Кубатсыз доллар Кошмо Штаттардан товар экспорттоону арзан кылып, импортту кымбаттатат. Бул өз кезегинде башка өлкөлөрдүн экономикасына зыян келтирет.

Ырасмий Вашингтон азырынча доллардын арзандап баратканына карата тынчсыздануусун билдире элек. Алардын айтышынча, акчанын кубатын өкмөт эмес, эркин базар аныкташы керек.

XS
SM
MD
LG