Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Багдадда ООНдун инспекторлору иштеп жатышат


Эксперттер жагдайды иликтеп чыгып, ООНдун миссиясына Иракка кайтып келгенге мүмкүндүк бар же жок экенин аныкташат. Коопсуздук шарттары жоктугунан ООН былтыр өзүнүн кызматкерлерин Ирактан чыгарып кеткен эле. Бүгүн Самарра шаарында жергиликтүү соттун имаратына жакын жерге коюлган машиналардын биринде бомба жарылып, андан бери дегенде эки киши мерт болду, кырктай адам жабыркады. Анын соңунан Фаллужа шаарына жакын жерде жарылган дагы бир бомбадан америкалык эки жоокер набыт болду. Кечээ Фаллужа шаарында “Ансар ал-Ислам” тобунун бир жетекчиси кармалган эле, америкалыктар бул уюмду коалициялык күчтөргө каршы акцияларды уюштуруп жатат деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG