Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:48

Иракка Бириккен Улуттардын эксперттери келди


Бириккен Улуттардын эки эксперти кечээ күнү Багдадга келип, өлкөнүн убактылуу америкалык жетекчилиги менен жолукту. Эксперттер Бириккен Улуттардын кызматтарын Иракка кайрадан кайтаруу маселесин караштырат. Эл аралык уюмдардын кеңселерине каршы көптөгөн террор аракети жасалгандыктан, Бириккен Улуттар өзүнүн бардык кызматкерлерин Ирактан октябр айында чыгарып кеткен. Уюм азыр Иракта жакын арада түз шайлоо өткөрү мүмкүн же мүмкүн эмес экенин караштырууда. Ирак шийилеринин жетекчиси аятолла Али ас-Систани Бириккен Улуттар чечим кабыл алганча өлкөдө каршылык акцияларын токтотууга буйрук берди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG