Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

«Камеконун» жетекчилиги Кыргызстанда


Бишкек. «Кыргызалтын» акционердик коомунун атын атагысы келбеген кызматкеринин билдирүүсүнө караганда, бүгүн Кыргызстанга «Камеко» корпорациясынын президенти Жэрри Гренди жана «Камеко голд инк» компаниясынын президенти Лен Хоменюк келди. Сапардын максаты - «Кумтөр» долбоорун реструктризациялоо маселеси боюнча кыргыз жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү. Мурда маалымдалгандай, кыргыз өкмөтү канадалыктар менен бирге «Центерра голд инк» компаниясын түзүп, ага «Кумтөр» кенин толук өткөрүп берүүгө макулдук берген. Жаңы түзүлгөн «Центерра голд инк» компаниясынын 33% акциясы Кыргызстанга, калганы - «Камеко» корпорациясына таандык болмокчу

XS
SM
MD
LG