Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:17

ДҮЙНӨДӨГҮ ДЕМОГРАФИЯЛЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР


Нарын АЙЫП, Прага Өнүккөн өлкөлөрдө жыл өткөн сайын карыган адамдардын саны көбөйгөндүктөн, кээ бир саясатчылардын пикиринде, жакынкы жылдарда ири экономикалык проблемалар чыгышы мүмкүн. Анткен менен, окумуштуулардын айтымында, карыгандар өкмөткө көп деле оордук кылбайт.

ХХ кылымдын башында дүйнө мамлекеттериндеги адам өмүрүнүн узундугу дээрлик бирдей жана орто эсеп менен 40 жылдын тегерегинде болчу. Жүз жылдын ичиндеги өнүгүүдөн кийин жана өзгөчө медицинанын жетишкендиктери турмушка киргендиктен, адам өмүрү дээрлик эки эсеге узарды жана өнүккөн өлкөлөрдөгү пенсияга чыккандардын саны көбөйө баштады. Ал болсо социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн дагы көбөйтүүдө жана кээ бир өлкөлөрдүн өкмөттөрү анын ири экономикалык проблемага айланып баратканы тууралуу айтууда.

Мисал үчүн, Улуу Британиянын аба жолдор компаниясында эмгиче 1948-жылы кабыл алынган пенсия системасы иштейт жана компанияда иштегендер пенсияга 65 жашында чыгат. Бирок 1948-жылы Британиядагы өмүр узундугу 68 жыл болсо, азыр ал 80 жылга чейин узарды, ошондуктан компания азыр пенсиялар үчүн жыл сайын 246 миллион доллар кошумча коротууда.

Карыгандардын саны акыркы жылдарда өзгөчө көп өсүүдө жана алардын саны мындан он жыл мурда жасалган прогноздордон да жогору болууда. Мисал үчүн, 1950-жылы алтымыштан ашкандардын саны дүйнөдө 300 миллион болуп, 2000-жылы ал сан эки эсе көбөйүп, 600 миллионго жетсе, келээрки 50 жылда ал сан үч эсеге көбөйүшү күтүлүүдө. 2000-жылы алардын саны Улуу Британияда жыл сайын 0,75 пайызга көбөйүп турат деп болжолдонсо, эки эле жылдан кийин бул көрсөткүч бир пайызга чейин көтөрүлдү. Өнүккөн өлкөлөр ичинен азыр алтымыштан ашкандардын саны Италия менен Жапонияда эң көп - 45 пайыздан ашык.

Алмания (Германия) өкмөтүнүн айтымында, 1950-жылдагы менен салыштырганда, пенсия жана социалдык төлөмдөрдүн жалпы көлөмү азыр өлкөдө 30 пайызга көбөйдү, Европа Биримдиги боюнча болсо андай төлөмдөрдүн көлөмү 25 пайызга жогорулады. Аны менен байланыштуу Швециянын өкмөтү азыр өзүнүн пенсия системасын өзгөртүүгө киришти. Америка Кошмо Штаттарынын кээ бир компаниялары дагы пенсия пландарын өзгөртүүнү көздөөдө, бирок андай пландар эл арасындагы кеңири каршылыкка такалууда.

Кээ бир өкмөт мүчөлөрү жана компаниялардын менеджерлеринин айтымында, пенсиянын жалпы көлөмү көбөйгөнү менен кошо карыгандарга медициналык жардам көрсөтүү чыгымдары да өсүүдө. Бирок окумуштуулардын изилдөөлөрү аны тастыктабайт. Акыркы жылдарда пенсияга чыккандар арасындагы оорулуулардын саны бир кыйла кыскарды. Мисал үчүн, Америка Кошмо Штаттарынын калкында жашы алтымыш бештен ашкандардын саны 1982-жылдан 1999-жылга чейин 30 пайызга өссө, алардын арасында жумушка жараксыздардын үлүшү 26 пайыздан 20 пайызга чейин кыскарган, ал эми карылар үйүндө жашагандардын саны болсо 7 пайыздан 4 пайызга чейин азайган.

Башка батыш өлкөлөрүндөгү абал дагы ушундай, ошондуктан карыгандарды дарылоого кошумча каражат коройт деген пикир колдоо таппай жатат. Андан тышкары, азыр карыгандар өлөөр алдында дагы көпкө оорубай калды жана бул көрүнүш дагы өзгөчө жаңылык.

Анткен менен, пенсияга чыккандардын баары эле кызматын улантпайт жана социалдык төлөмдөрдүн саны көбөйгөнү чын, ошондуктан батыш өлкөлөрү жыл өткөн сайын улам көп кошумча жумуш күчүнө муктаж. АКШга негизинен кошуна Мексика жана башка Латын Америка өлкөлөрүнөн келгендер иштеп, Батыш Европага Түндүк Африка менен Түркиядан келгендердин саны көбөйүп жатса, эксперттердин айтымында, Чыгыш Европа жана Орусия келечекте Борбор Азиялык жумуш күчүнө таянууга аргасыз болот.
XS
SM
MD
LG