Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

БАТЫШ БАСМА СӨЗҮНДӨ ЭМНЕ КЕП БАР? Азербайжан, Грузия, Түркия, Борбор Азия...


Аким Өзгөн (Hakim Ozgen), Измир, Түркия Батыштык басылмаларда Азербайжанда адам укуктарынын тепселиши, Саакашвилинин президенттик кызматка киришүүсү, Давос экономикалык шеринеси (форуму) жана Кипр жаңжалы кеңири талкууланып жатат.

Адам укуктарын коргоочу Хүман Райтс Уотч (Human Rights Watch) аталган уйумдун Азербайжан тууралуу ушул аптада жарыйалаган баяндамасы (репорту) батыштык басылмаларда кеңири чагылдырылды. “Нью Йорк Таймс” гезитинин 23-январ күнкү санында, “Азербайжандын жаңы өкүмөтүн оппозитсийадагыларды себепсиз кармап кетүү; уруп-токмоктоо; кыйноо жана өкүмөттүк кызмат орундарынан бошотуу өңдүү репрессийа өнөктүгүн жүргүзүп келгендикте” айыптаган жогорудагы баяндамага шилтеме берилген. NYT 23.01.04.

Лондондо чыгуучу “Таймс” жумалыгы дагы бул баяндама жөнүндө кабарлап, укук коргоочулардын “Азербайжан адам укуктарынын бузулуусу жаатында кийинки 10 жылдын ичиндеги эң терең кризисти башынан кечирип жаткандыгы” тууралуу сөздөрүн чагылдырган. “Таймстын” макаласында, ошондой эле, “Азербайжан мунайга бай өлкө болгон себептүү, Илхам Алиевдин бийлигинин зулумдугун батыштык өлкөлөр көрмөксөнгө салып келе жатышат” деген азери оппозитсийа чөйрөлөрү айткан пикирге орун берилген. Times 23.01.04.

“Вашингтон Пост” болсо: “Президент Жорж Уокер Буш ‘дүйнөгө азаттыкты жайуу’ деген чоң сайасатын Азербайжандан баштаса кана!” деп өкүнө жазып, “тескерисинче, Буш жана анын жакын кеңешчилери Илхам Алиевге кучак жайып, анын шайлоо учурундагы бурмалоолоруна; жана адам укуктарын бузган жоруктарына көз жумушту”, - деген сын пикирин билдирген. WP 25.01.04.

Батыштык басылмаларда Грузийанын жаңы президенти Михаил Саакашвилинин президенттик кызматка ырасмий түрдө киришүүсү менен байланыштуу өткөрүлгөн салтанат дагы кеңири чагылдырылды. Түркийада чыгуучу “Заман” гезитиндеги макалада: “Салтанатка АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен Российанын тышкы иштер министри Игор Ивановдун катышуусу Саакашвилиге канчалык маани берилип жатканын айкын көргөзүп, Грузийа менен байланыштуу бул эки өлкөнүн көкүрөгүндөгү пландарды чагылдырат”, - деген пикир айтылган. ZAMAN 24.01.04.

“Вашингтон Посттун” бул тууралуу бүгүнкү макаласында болсо “мамлекеттик катчы Колин Пауэлл Грузийанын дүйнөгө көз жарып жаткан батыштык үлгүдөгү демократийасына колдоо билдирүүнүн белгиси иретинде Кавказийага келгендиги” белгиленип; ‘Буштун администратсийасы Российанын бул Кавказ өлкөсүндөгү аскерлерин алып кетүүсүн жана Тбилисиге кысым көрсөтүүнү токтотуусун талап кылат’ деген Пауэллдин айткан сөздөрүн жазып чыккан. Пауэлл Тбилисиге учуп баратканда учактын бортундагы журналисттер менен майектешип, “бул жерде биз Москва менен эрегишип жатканыбыз жок. Грузийанын калкына жардам көрсөтүш АКШнын да, Орусия Федератсийасынын да кызыкчылыктарына шайкеш келет” деген. WP 25.01.04.

Түркийанын Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жума күнкү олтурумунда Кипр аралында мындан 10 ай мурда токтолуп калган жамааттар аралык тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоо тууралуу сунушту колдогон чечимдин чыгарылышы жана түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын Давос экономикалык форумунда БУУнун башкатчысы Кофи Аннан менен жолугушуусу да батыштык басылмалардын көңүлүн өзүнө бурбай койбоду. “Вашингтон Пост” (ВП) гезити бүгүнкү (жекшемби күнкү) санында: “Түркийанын улуттук коопсуздук кеңеши Аннандын планынын негизинде аралдагы реалдуулуктарды эсепке алуу менен Кипр жаңжалына тез арада чечим табууга чечкиндүүлүгүн көрсөттү”, - деп билдирген. Кеңештин билдирүүсүнөн бир күн кийин Эрдоган Давосто Кофи Аннан менен көзмө-көз сүйлөшүү өткөрүп, аралдагы түрк жана грек жамаатынын лидерлери тарабынан сүйлөшүүлөр аркылуу иштелип чыга турган келишимдин өксүк-кемтиктерин БУУ толуктап чыксын деген сунушун киргизген. ВПнын макаласында ошондой эле, Кипр аралындагы гректер путч жасагандан улам 1974-жылда Түркийа кепилдик кылчу (гарантөр) өлкө катары укугуна тайануу менен аралдын түндүгүнө басып киргендиги тууралуу учкай маалымат берилет. WP 25.01.04.

Премьер Режеп Тайып Эрдогандын эртең (дүйшөмү күнү) баштала турган АКШга бир жумалык ишсапары да басма сөздө кеңири талкууланып жатат. “Өткөн жылда шайлоодон чоң жеңиш менен чыккан бир партийанын лидери катары АКШга сайакатка барган эле; быйыл өкмөт башчысы катарында Вашингтонго сапар тартып олтурат” деп жазат “Заман” гезитинин бүгүнкү санында жарыйаланган макаласында Мустафа Үнал.

“Бул сайакаттын мааниси чоң. Бул фактыны премьерди коштоп жүргөн делегатсийанын тутумуна кароо менен даана көрүүгө болот. Эрдоганды 5 министир, башкача айтканда, кабинетинин төрттөн бир бөлүгү коштойт. Сайакаттын эң орчундуу бөлүгү - шаршемби күнү Президент Жорж Уокер Буш менен боло турган сүйлөшүү. Ал сүйлөшүүнүн күн тартибинде Кипр жаңжалы, Иракта болуп жаткан өнүгүүлөр, күрттөрдүн Иракта федератсийа курууну талап кылышы сыйактуу Түркийа үчүн турмуштук мааниге ээ маселелер бар” – деп жазат Үнал мырза. ZAMAN 25.01.04.

Лондондо чыгуучу “Санди Таймс” орус жазуучу Лев Толстойдун урпагы Александра Толстойдун Ашгабаттан Москвага ахалтеке аргымагын минип 3000 чакырымдык чоң сапарга аттанаары жөнүндө билдирет. Бул сапар 1935-жылы түркмөн чабендестери Ахал-теке тукумун актоо максатында Москвага карай жасаган жүрүштүн изи менен жүрмөкчү. SUNDAY TIMES 25.01.04.

“Согуш жана тынчтыкты баяндоо институту” деген лондондук уйумдун интернет сайтында жарийаланган бир баяндамада Борбор Азийанын мусулман жумуруйаттарында жашы жете элек кыздарды жыныстык күңгө айлантып, арам соода жүргүзүү кылмышы канчалык ири деңгээлге жеткендиги тууралуу мазмундуу маалымат берилген. Баяндаманы толугу менен www.iwpr.net деген интернет сайттан окууга болот.
XS
SM
MD
LG