Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:00

Грузияда өлкөнүн жаңы президенти Саакашвилинин кызмат орунга киришине арналган жөрөлгө өттү


Биринчи жолу өлкөнүн үч шаарында майрамдык аземдер өтүүдө. Поти жана Батуми шаарларында эртең менен аскердик парад болду.
Тбилисиде президент Михаил Саакашвили Конституцияны жана башка мыйзамдарды так сактаарына ишендирип, ант берди.
Бул аземге 24 өлкөдөн расмий адамдар катышты, ардактуу меймандардын арасында АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жана Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов бар.
Ишемби күнү Саакашвили Кутаиси шаарынан анча алыс эмес жердеги Гелат монастырындагы падыша Давид Строителдин кабырында болду жана Грузиянын бирдиктүү жана күчтүү мамлекет болушу үчүн ант берди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG