Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

Мигранттардын абалына арналган жыйындар өтмөкчү


БИШКЕК. 30-январда Бишкектеги Коомдук технологиялар борбору «Борбор Азиядагы эмгек миграциясы: көйгөйлөр жана аймактык кызматташтыктын келечеги» деген темада эларалык семинар өткөрөт. Жыйында Тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин башчысы Зафар Хакимов жана коомдук ишмерлер мигранттардын укугун коргоо боюнча ой бөлүшөт. Бул тууралуу Коомдук технологиялар борборунан кабарлашты. Ал эми 26-январда болсо «Ысыккөл диалогу» деп аталган конференциянын төртүнчү отуруму башталат. Анда дагы миграция маселеси талкууланмакчы. Бул жыйын Миграция боюнча эларалык уюм, Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын башкармалыгы жана Кыргызстандын миграция боюнча аймактык борбору тарабынан уюштурулууда. Анын максаты - миграция жана качкындар саясаты боюнча аймактык кызматташуусун өнүктүрүү.

Кабарлар топтомун Бишкектен Айданбек Акмат уулу даярдады

Редактор - Бекташ Шамшиев

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG