Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

Борбор Азия кызматташтык уюмунун министрлеринин жыйыны өтмөкчү


БИШКЕК. 20-21-февралда Казакстандын Алматы шаарында Борбор Азия кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтөт. Ага Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкулов билдирди. Жыйында регионалдык кызматташтык жана коопсуздук маселелери каралмакчы. Борбор Азия кызматташтык уюмуна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө.

XS
SM
MD
LG