Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

Индонезияда “канаттуулардын сасык тумоосу” катталды


Индонезиянын бийликтери өлкөдө канатуулардын сасык тумоосу катталганын тастыктады. Ырасмий Жакартанын жекшемби күнкү билдирүүсүндө “өлкөдө бул коркунучтуу илдетке чалдыккан адамдар жок” деп көрсөтүлөт.
Жекшемби күнү Тайланддын өкмөтү дагы эки тоок фермасында сасык тумоо катталганын жарыя кылып, былтыр ноябрдан бери сасык тумоо жуккан 9 миллиондон ашуун тоок өлтүрүлгөнүн билдирди.
Тайланддын бакма канаттуулар өнөр жайы жайгашкан Суфан Бури провинциясындагы кесел тоокторду өлтүрүү үчүн жоокерлер менен абакта отургандар жөнөтүлгөн.
Вьетнам, Кампучи, Түштүк Корея, Япония жана Тайвандын бийликтери дагы сасык тумоону токтотуу үчүн тоокторду жабыла өлтүртө башташты.
Тооктордун сасык тумоосунан соңку маалыматтар боюнча кеминде сегиз адам каза тапты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG