Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:14

Ирандык консерваторлордун реформачыл талапкерлерге “бут тосуусу” уланууда


Ирандын Көзөмөл кеңеши либерал-талапкерлердин парламенттик шайлоого катышуусуна мүмкүндүк берген мыйзамды бекитүүдөн баш тартты.
Жекшемби күнү эртең менен Ирандын парламенти шайлоо системасын реформалоо боюнча жаңы мыйзам долбоорун кабыл алган болчу. Бул мыйзам миңдеген реформачыл маанайдагы талапкерлердин 20-февралда болчу шайлоого катышуусуна тыйуу салган Көзөмөл кеңешинин мурдагы чечимин жокко чыгармак.
Парламенттин мүчөсү Реза Юсефяндын Ройтер агенттигине айтышынча, депутаттар эми парламенттин мүчөлүгүнөн баш тартышы же шайлоого бойкот жарыялашы мүмкүн.
Реформачыл президент Мохаммад Хатаминин союздаштары Көзөмөл кеңешин 2000-жылкы шайлоодо көпчүлүк мандатынан ажырап калган консерваторлорго жардамдашууну көздөөдө деп күнөөлөштү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG