Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:44

Тигр дарыясына кулап түшкөн америкалык тикучардын учкучтарын издөө улантылууда


АКШлык аскерлер түндүктөгү Мосул шаарын аралай өткөн Тигр дарыясына кулап түшкөн америкалык тикучардын эки учкучун издөөнү улантышууда.
Тикучар жекшемби күнү, Тигр дарыясында оңторулуп кеткен кайыктагы америкалык жоокерди издеп жүрүп, кулап түшкөн эле.
АКШ тараптын билдиришинче, кайыктагы Ирак полициясынын эки кызматкери жана ирактык тилмеч мерт болушкан.
Бириккен Улуттар Уюмунун башкатчысы Кофи Аннан шашылыш шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө боюнча Иракка атайын топту жөнөтүп-жөнөтпөсүн бүгүн же болбосо эртең жарыя кылат деп күтүлүүдө. Эл аралык миссияны жөнөтүүнү ирактык шиитер талап кылышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG