Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19

Саакашвили: Грузия саясый күрөштүн майданы болбойт


Жекшемби күнү Михаил Саакашвили Тбилисиде парламенттин имараты алдында өткөн салтанатта Грузиянын жаңы президенти катары ант берди.
Ишемби күнү жасаган билдирүүсүндө Саакашвили Грузия ири өлкөлөрдүн согуштук майданы болуусун каалабасын баса белгиледи:

- Биз өтө татаал геосаясый чөйрөдө жашап кетүүбүз шарт. Биз өлкөнү түрдүү супердержавалардын согуштук майданына айланткыбыз келбейт. Мен бул өлкөлөрдүн бирин дагы, өзгөчө, коңшуларыбызды өзүбүздөн алыстатууну каалабайм. Биз Россия менен байланыштын жакшы болушун каалайбыз. Мен америкачыл же россиячыл эмесмин. Мен грузиячылмын.

Тбилисиде өткөн ант берүү каадасына Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл, Россиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов жана башка чет элдик сыйлуу коноктор катышышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG