Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:20

ИРАНДА KӨЗӨМӨЛ КЕҢЕШИ ШАЙЛОО РЕФОРМАСЫН ЧЕТКЕ КАКТЫ


Ирандын реформисттер басымдуулук кылган парламенти өткөн жекшембиде шайлоо реформасын чукул жактырган. Бул мыйзам долбоору 8200 кишинин дээрлик жарымынын талапкердигин тизмеден чыгарып салган Көзөмөл кеңешинин чечимин жокко чыгаруу максатын көздөгөн. Бирок консерваторлор үстөмдүк кылган кеңеш бул долбоорду да четке какты.

Ирандын Көзөмөл кеңеши парламенттен жогору турат, бирок анын 12 мүчөсү шайлануу жолу менен тандалбайт. Алтоо - өлкөнүн диний жол башчысы Аятолла Хаменейи бекиткен молдолор, калган алтоо - Хаменейинин макулдугу менен парламент көрсөткөн исламчыл юристтер. Көзөмөл кеңеши парламент кабыл алган бардык мыйзамдардын конституцияга жана исламдык мыйзамдарга туура келээрин аныктап, тактайт. Кеңеш ошондой эле шайлоо процессине көзөмөл жүргүзөт, анын ичинде талапкерлерди иргеп, ишмердиги конституцияга жана өлкөнүн исламдык түзүлүшүнө кайчы келгендерин тизмеден алып салат. Кеңештин келерки айдагы парламенттик шайлоого байланышкан дал ушул ишмердиги Иранды соңку жылдардагы эң бир чоң саясий кризиске тушуктурду.

20-февралдагы добуш берүүгө 8200 киши талапкердигин койгон, алардын ичинен Кеңеш 3 миң чактысын жаратпай салган. Тизмеден чыгып калгандардын басымдуу бөлүгү - 90-жылдардын башында перзидент Мухаммад Хатами чыйыр салган жаңылануу процессин колдогондор эле. Ушул себептен улам, Кеңештин чечими анын парламент менен тирешүүсүн жаңы деңгээлге алып чыкты.

Бул чечимди күчүнөн кетирүү аракети менен жекшембиде парламент шайлоо системасын реформалоону караган сунуштарды шашылыш жактырган. Бул сунуштар Көзөмөл кеңешинин талапкерлерди шайлоодон четтетүү дареметин чектемек. Аятолла Хаменейи жакында "өткөн шайлоого катышкандарга каршы кандайдыр бир олуттуу негиз болмойунча, алар кийинки добуш берүүгө катыша алат" деген эле. Парламенттин реформа долбоору ушул жобону да мыйзамдаштырмак.

Бирок эртеси эле Көзөмөл кеңеши бул сунуштарды четке какты. Кеңештин жетекчиси Аятолла Ахмад Жаннати ар бир парламенттик орунга орто эсеп менен 17 киши ат салышып жатканын белгилеп, мындай катнаш шайлоонун акыйкаттыгын кепилдөө үчүн кең-кесири жетээрин билдирди.

Азырынча, парламенттин эмки жүрүшү кандай болоорун айтуу кыйын. Буга чейин президент Хатами жана анын өкмөтүнүн ондогон мүчөлөрү талапкерлерге тыйуу салуу күчүнөн кетирилбесе, жоон тобу менен кызматтан кетээрин жарыялашкан.

Азыркы парламенттин 80 чакты мүчөсү, - алардын дээрлик бардыгы реформисттер, - февралдагы шайлоого катыша албайт деп табылган. Алардын ичинде парламент спикеринин эки орун басары жана бир нече аял-депутат да бар. Бул парламентарийлер Көзөмөл кеңешинин чечимине каршы чыгып, парламенттин имаратында эки жума чыкпай отурушту.

Кеңеш азыр тизмеден чыгарылган 3 миңден ашык талапкердин арыздарын карап жатат. Буга чейин башында шайлоодон четтетилген 400 киши кайра тизмеге алынды. Тизме 30-январга чейин такталып бүтүшү керек.

Көзөмөл кеңешинин парламенттин сунуштарын четке кагышы ортодогу тирешүүнүн канчалык курч экенин айгинелейт. "Кеңеш эч кандай жеңилдикке (компромисске) макул болбойт", - деп билдирди Иран парламентинин мүчөсү Резе Йосефиан Ройтерс агенттигине. Депутаттын айтымында, анын кесиптештери да өз талаптарынан баш тартууга даяр эмес.
XS
SM
MD
LG