Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

Кыргыз муфтийи: «Мекеге бараткан кыргыз атуулдары кысымга алынган жок»


БИШКЕК. “Кыргызстандан Мекеге ажылыкка кеткен атуулдардын бири да Түркмөнстандын Чаржоу шаарында кармалган жок”, – деп билдирди бүгүн Мусулмандар башкармалыгынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов. Анын маалыматына караганда, автобус менен кеткен кыргыз атуулдары эч жерде токтотулбай, Мекеге мурда белгиленген маршрут боюнча баратышат жана «Түркмөнстандын аймагында токтотулду» деген маалымат чындыктан алыс.
Мындан бир канча күн мурда Орусиянын жана эларалык айрым массалык маалымат каражаттары «Кыргызстандан Мекеге автоунаа менен сапарга чыккан атуулдар Түркмөнстандын Чаржоу шаарында токтотулуп, чегарадан өткөнү үчүн ар бир жолоочу 10 доллардан төлөмөк болуп жатат» деген маалымат таратышкан. Муфтийдин билдирүүсү боюнча, быйыл ажылыкка Кыргызстандан 3700 атуул кеткен жана алардын 80% сапарга автоунаа менен жөнөшкөн.

Кабарлар топтомун Бишкектен Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу даярдашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG