Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

Элдик курултайдын делегаттарынын коопсуздугу камсыздалат


БИШКЕК. Ички иштер министрлиги Кыргызстан элдеринин 29-30-январда өтө турган IV курултайына катышуучу делегаттардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча атайын иш-чараларды иштеп чыкты. Ага ылайык ар бир облустун делегаттарын мамлекеттик автоинспекциянын кызматкерлери коштоп келет. Ал эми делегаттар коно турган «Ысыккөл» мейманканасынын, курултай өтө турган улуттук филармониянын айланасында күзөт күчөтүлөт. Делегаттар шаарды кыдырган учурда да тартип коргоо органдарынын көзөмөлүндө болот. Мындай маалымат бүгүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкуловдон алынды. Ал коопсуздук чараларын күчөтүүнүн себебин: - Өлкө боюнча жалпы иш чара өтүп жаткан мезгилде курултайдын делегаттарын кайтаруунун зарылчылыгы бар. Себеби, айрым бир күчтөр, кандайдыр бир экстремисттер же болбосо правокацияга бара турган шыкакчылар учурдан пайдаланып, жардыруу уюштуруп жибериши же башка бир кооптуу иштерге барышы мүмкүн. Ал «Кыргызстанда курултай болуп жатканда ушундай кооптуу окуя болду» деген жаман кабар дүйнө жүзүнө тарап кетпесин деген максат менен жасалууда. Бул жерде андан башка саясат жок, - деп түшүндүрдү. Кыргызстан элдеринин ассамблеясынан бүгүн алынган маалыматка караганда, курултайга 800 делегат катышат. Анын 315и облустардан чакырылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG