Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

Бейөкмөт уюмдун телефону өчүрүлүүдө


БИШКЕК. Бүгүн «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова ал жетектеген уюм жайгашкан бөлмөдөгү эки телефон эч себепсиз өчүрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат таратты. Маалыматта кийинки кезде бул уюм ижарага алган бөлмөдөгү телефондорду өчүрүү адатка айланганы айтылат. Телефондор бул жолу «байланыш акысы төлөнгөн эмес» деп ишембиде өчүрүлүп, дүйшөмбүдө кайра жалгаштырылды. Төлөкан Исмаилованын билдирүүсү боюнча, «телефондун акысы төлөнгөн эмес» деп айтууга негиз жок, анткени, бөлмөлөрдү ижарага берген тарап акыны алдын-ала төлөгөндүктөн башка бөлмөлөрдөгү телефондор үзгүлтүксүз иштеп жатат. Төлөкан Исмаилованын айтымында, буга «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун Феликс Куловдун соттолушу боюнча коомдук угууну уюштуруп жаткандыгы башкы себеп болууда.

XS
SM
MD
LG