Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Кыргыз-өзбек чегарасы боюнча сүйлөшүүлөр башталды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чегарасын делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны башталды. Кыргызстандын өкмөттүк комиссиясынын башчысы, Тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиеванын «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, жолугушууда кыргыз-өзбек чегарасынын делимитацияланган бөлүгүн миң чакырымга жеткирүү аракети жасалып, анын натыйжасында, чегара тууралуу мамлекеттер аралык келишимдин долбоорун даярдоо иштери башталмакчы. Комиссиянын жыйыны 29-январга чейин созулат. Кыргыз-өзбек чегарасынын узундугу 1295 чакырым.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG