Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

ПАУЭЛЛДИН МАСКӨӨДӨГҮ ИШ САПАРЫ КЫЙЧАЛЫШ КЫРДААЛДА ӨТҮҮДӨ


Бүгүн АКШнын Мамлекеттик катчысы Коллин Пауэллдин Россиядагы сапары башталды. Эки күндүк сүйлөшүүлөр учурунда эки тараптуу мамилелерден сырткары бир топ эл аралык маселелер талкууга алынмакчы.

Дүйшөмбү күнү Коллин Пауэлл Россиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдөн кийин кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Путин кээ бир пикир келишпестиктерди чечиш үчүн эки таратын өз ара мамилелеринин пайдубалы кубаттуу экенине ишенээрин билдирди:

- Соода жана экономикалык байланыштарыбыз жакшы өнүгүүдө. Терроризмге каршы күрөштө кызматташуубузду күчөтүүдөбүз. Ооганстанда чогуу аракеттенип жатабыз.

Путин ошондой эле Ирактын айланасындагы жагдайга да токтолду:

- Ирак маселесин чечүү боюнча талкуулар улантылып жатат. Биз дагы, силер сыңары, БУУнун Иракка кайтып баруусун ылайык көрөбүз. Москвада Ирактын башкаруу кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуу өткөргөнүбүздөн кабардарсыздар. Ошол кездешүү Башкаруу кеңешине болгон моралдык жана саясий колдообузду айгинеледи.

Пауэлл дагы өз кезегинде абдан сыпайы болууга аракеттенди. Ал президент Буш менен президент Путиндин тыгыз кызматташып жатканына басым жасады.

Арийне, айрым эл аралык байкоочулар белгилегендей, АКШ - Россия ортосундагы бир топ чечилбеген маселелерден улам, эки тараптын мамилелери кансыз согуш доорундагы деңгээлге түшүп кеткен.

11-сентябрдан кийин пайда болгон “стратегиялык шериктештик” соңуна чыккан өңдөнөт.

Россиялык эксперт, АКШ жана Канада институтунун директор орун басары Виктор Кременюк мунун башкы себебин Ирак кризисинен көрөт:

- АКШ менен Россиянын байланыштары начарлап баратканын айтат элем. Анткени Ирак согушунан келип чыккан залаканын орду толтурулган жок.

Анын кесиптеши, аналитик Стефан де Спиелжиер бул пикирге кошулат. Анын айтымында, Путин Буштун антитеррордук согушун колдоо менен финансылык, аскерий жана геосаясий пайда алууну көздөгөн. Иш жүзүндө болсо Москва Вашингтон администрациясынын өз таламын талашып жатканына гана күбө болууда. Ирактан тышкары Американын тышкы саясатында Кремлди нааразы кылган дагы бир катар жагдайлар бар. Атап айтканда, Вашингтондун Москванын таасири алдындагы аймак катары эсептелген мурунку советтик жумурияттарга карата саясаты. “Алдыда сөз болгон Грузиядан тышкары Молдованы мисалга келтирсек”, - дейт аналитик Спиелжиер.

Эки аймакта тең Россия Американын ага каршы чыкканын сезди. Вашингтон Грузиядагы жибек ыңкылабын колдоп чыкса, Молдовада болсо Кишинев Россиянын кызыкчылыгындагы келишимге кол коюудан акыркы мүнөттө баш тарткан. Муну Кремль АКШнын кысымы менен түшүндүрүүдө.

Коопсуздук чөйрөсүн алганда, Кошмо Штаттары өзүнүн Европадагы аскердик күчтөрүн кайра кагыбына келтирүүнү пландап жатат. Анын алкагында Польшада америкалык базанын ачылышы ажеп эмес. Ошентип, Американын аскерий күчтөрү улам чыгышка карай жылууда. Москва болсо мындай фактыга кайдыгер же оң маанайда карайт дешке кыйын.

Ак Үй дагы Кремлдин бардык эле аракеттерин, албетте, жактырбайт. Пауэллдин визитин утурлай АКШнын Россиядагы элчиси Александр Вершбоу “Время новостей” басылмасына берген интервьюсунда ЮКОСтун иши, Чеченстандагы президенттик жана жалпы парламенттик шайлоолор Россиядагы демократия оң нукта баратканынан күнөм санатат деген пикирин билдирген.

Кыскасы, Пауэллдин Москвадагы сапары кыйын кезеңге туш келүүдө.

XS
SM
MD
LG