Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

ОСМОНАКУН ИБРАИМОВ: «ЭКИ АЯЛ АЛГАН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРДИ КЫЗМАТТАН АЙДАШ КЕРЕК»


Чолпон Орозобекова,Бишкек Калкты жайгаштыруу маселелерине арналып, 12-14-январь күндөрү Женевада өткөн Европалык Форумга катышкан Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов менен БУУнун калкты жайгаштыруу фондусунун аткаруучу директору Александр Ильин дүйшөмбүдө журналисттер менен форум тууралуу ой бөлүштү. Анда Осмонакун Ибраимов кыргызстандыктардын көп балалуу болушуна жашоо деңгээл жол берет, бирок, көп аял алгандарга каршы күрөш жарыялоо зарылдыгын жарыя кылды.

Форумда Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери Кыргызстандын саламатык сактоо тармагын реформалоо боюнча каалоо, дооматтарын билдиришкен. Осмонакун Ибраимовдун айтымында, европалыктар Кыргызстанда боюнда бар аялдарга жана жаңы төрөгөн энелерге камкордук зарыл деңгээлде эместигине капа. Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери Өзбекстан, Казакстан менен катар эле Кыргызстандагы балдардын өлүмү боюнча статистикалык маалыматка муюбай тургандыктарын билдирип, алардын чыныгы турмушту чагылдыруусун өтүнүшкөн.

Александр Ильиндин айтымында,Кыргызстанда 100 миң кишиге балдардын 22, энелердин 58 өлүмү туура келет. Эл аралык уюмдун өкүлү ошол эле учурда бул сандар чындыктан алыс экенин моюнга алат. Анын айтымында, советтик системадан калган ыкма боюнча балдардын өлүмүн каттоодо мүчүлүштүктөр али арбын. Кыргызстан жакында балдардын өлүмүн эсепке алуу боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун нормасын кабылдайт. Эгер ал кабылданса, сан өтө көбөйүп, таптакыр башка абал түзүлүшү мүмкүн. Ильиндин билдирүүсү боюнча, чыныгы турмуштук абалды чагылдырган статистикалык маалыматтар топтолсо, чет өлкөлөрдөн жардам алганга ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Осмонакун мырзанын айтымында, Женевадагы жыйында Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы реформа ишке ургаалдуу ашып атканын чет элдик эксперттер да белгилешиптир. Мисалы, мамлекеттик катчы Кыргызстанда жыныстык жугуштуу оорулардын азайышына реформанын натыйжалуу жүргүзүлүшү менен жеке менчик клиникалардын ачылышы жакшы өбөлгө түздү деген ойдо. Бирок, саламаттык сактоодогу реформаны мактаганга таптакыр негиз жок дегендер да бар. Алардын бири, Жогорку Кеңештин депутаты, медицина илимдеринин доктору Ташполот Балтабаев:

- Бул системадагы реформанын мактай тургандай жетишкендиги жок. Мен бул тууралуу канчадан бери айтып келатам.Толгон-токой көйгөйлөр чечилбей жатпайбы? Аны реалдуу караш керек да! Мактагандарга таң калам, саламаттык сактоодогу реформада азырынча бир жылышты көрө элекмин, - дейт.

Ал эми жыныстык жугуштуу оорулар азайды деген менен мамлекеттик катчы СПИД дартына көп көңүл буруп, ал тууралуу көбүрөк жазууну журналисттерден суранды. Александр Ильин билдиргенине караганда, СПИД дартын жугузуучу ВИЧ инфекциясына кабылгандардын саны азыр 500гө жетти. Алардын арасында аялдар да жок эмес. Азезил дартка кабылгандыгына карабастан, аялдардын айрымдары эне болууну каалашат. Ал тууралуу Александр Ильин:

- Азыр бул көрүнүшкө эмне үчүн өзгөчө көңүл буруш керек? Бул дартка кабылган аялдар төрөгөн учурлар болуп атат. Мисалы, мен билгенден эки наристе таза төрөлдү. Ошондуктан, аял боюнда бар кезинде алдын -ала профилактикалык чараларды көрүп, дени таза баланын төрөлүшү үчүн аракет кылса майнап чыкчудай. Тилекке каршы, СПИД дартына чалдыккан энелерден төрөлгөн эки бала ооруну мурастап алгандыгы аныкталды, - дейт.

Кыргызстанда үй-бүлөнү туура пландоо жана бойго бүтүрбөгөн дарылардын элетке жетип-жетпегендигинин тегерегинде өз оюн ортого салган мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов генофондго, бактылуу балалыкка терс таасирин тийгизип жаткан терс көрүнүш - көп аял алуулук деген ойдо:

- Коомдогу моралдык жат көрүнүштөр менен күрөшүш керек, - дейт Осмонакун Ибраимов, - Мисалы, жогорку кызматта иштегендердин эки аял алган учурлар тууралуу укканым бар. Советтик система көп аял алууга бекеринен катуу күрөш жарыялап, андайларды жөн жерден жазалачу эмес. Минтип отурсак коом бузулуп, сайда саныбызды таппай калабыз. Андай эки аял алган чиновниктерди дароо кызматтан кууп, гезиттерге жазып, чет мамлекеттердегидей чуу чыгарыш керек.

Мамлекеттик катчынын пикири боюнча, үйлөрүндө күчүк баккан европалыктарга салыштырмалуу Кыргызстанда бир эмес, үч-төрт балалуу болууга шарт бар жана каалоо жетиштүү. Ага президент Аскар Акаевдин «Кыргызстандын калкынын санын 10 миллионго жеткиришибиз керек» деген ниети да багыт берип турат, дейт Ибраимов.

XS
SM
MD
LG