Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

«ХИЗБ УТ- ТАХРИР» АЯЛДАРДЫ АЗГЫРУУДА, ТҮШТҮКТҮ ТҮРӨ КЫДЫРГАН ПРЕЗИДЕНТ, «КОРГОНТӨБӨЛҮК КЫРГЫЗДАР»


Бүгүн окурмандардын колуна тийген “Вечерний Бишкек” басылмасында Кыргызстандагы “Хизб ут-Тахрир” диний партиясы өзүнө түштүк аймактагы кыз-келиндерди көбүрөөк тартып, аларды ишенимге киргизип жаткандыгы кабарланды.

Бүгүн “Вечерний Бишкек” басылмасы түштүк аймакты кыдырган президент Аскар Акаевдин иш сапары тууралуу кеңири баяндама берди. 26- январь-Индия мамлекетинин эгемендүүлүк алган күнү. Бул майрамга байланыштуу Индиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Аппунни Рамеш мекендештерин “Вечерний Бишкек” гезити аркылуу куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана маданий достук байланыштардын жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи.

Ушул басылманын кабарчысы Махамаджан Урумбаев түштүктөгү айрым кыз- келиндердин “Хизб ут-Тахрир” диний уюмуна кирип жаткандыгы тууралуу макаласын жарыялады. «Жумушсуз жүргөн, ишенчээк аялзатын азгыруу жолу менен келечектеги жаш муундарга таасир көрсөтүүгө, аларга диний ишенимди эне сүтү менен сиңирүүгө аракет кылып жатышат.Түштүктө “Хизб ут-Тахрир” уюмунун 2 миңге жакын мүчөсү бар” - деп жазат автор.

“Агым” басылмасынын кабарчылары болсо гезиттин эртең чыгарууга даярдалып жаткан санында окурмандардын ар кыл суроолоруна жооп издешет. Журналист Мамат Сабыров бул жолу Борбор Азиядагы мектеп жашындагы өспүрүмдөрдүн сойкулугун талдоого алган макаласын даярдоодо. Ал эми Жолдошбек Зарлыкбеков белгилүү этнограф Амантур Акматалиевдин көзү өткөндөн кийин анын үйү талашка түшкөнүн иликтөөгө алат.

“Аалам” гезитинин редакторунун орун басары Кенжебек Арыкбаевдин айтымында, басылманын 27-январда чыгарыла турган санында кызыктуу макалаларга орун берилет. Ал тууралуу Кенжебек Арыкбаев:

- Депутат Орозбек Дүйшеев чет өлкөлөргө көп барган депутаттар жана алардын иштери жөнүндө Элнура Кулуевага айтып берген. Ошондой эле Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров тууралуу кеңир макалага да орун берип жатабыз. Кыргызстан адам укугун коргоо кыймылы келээрки президенттик шайлоого Адахан Мадумаровдун талапкерлигин көрсөтөөрү жөнүндө да материал бар. «Бата» коомунун мүчөлөрүнүн эне тилибиздин көйгөйлөрүнө арналган пикирлери да ушул санда жарык көрөт.

“Республика” гезитинин эртең чыгарууга даярдалган санында Ысыккөл аймагындагы көйгөйлүү маселелер боюнча кеңири маалымат берилүүдө. Ошондой эле Грузиядагы президенттик шайлоого байкоочу болуп келген Топчубек Тургуналиевдин макаласы басылмакчы. Басылма андан тышкары тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздардын проблемаларына көңүл бурат. Азыркы учурдагы көйгөйлүү маселенин бири - электр энергиясына байланышкан материал да басылганы турат.

Ал эми шейшемби күнү чыгуучу өкмөттүк “Эркинтоо”, “Кыргыз туусу” жана “Слово Кыргызстана” басылмаларында президент Аскар Акаевдин түштүк аймактагы иш сапары, Ысыккөлдөгү жолугушуулары тууралуу кеңири баяндамалар берилүүдө.

Ошондой эле “Кыргыз туусу” гезитинде Өзбекстандын Анжыян облусунун Жалал-Кудук районунда жашаган кыргыздардын турмушу тууралуу Төлөнбай Абдразаковдун очерки жарыяланмакчы.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG