Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:21

Улуу Кытай дубалынын узундугу кыскарууда


Кытайдын расмий "Синьхуа" жаңылыктар агенттиги соңку отчетко шилтеме берип билдиргенине караганда, башында узундугу 6350 чакырым келген дубалдын азыр үчтөн бир эле бөлүгү бар. Тарыхый маалыматтар боюнча Улуу кытай дубалынын курулушу б.з.ч III кылымга –жылдарга туура келет. Улуттар Уюму бул курулушту 1987 –жылы дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизген жана Кытайда аны коргоо боюнча атайын мыйзам да бар. Бирок "Синьхуа" агенттиги кабарлагандай, дубалга курулушчулардын колу тийип, кытай дыйкандары анын кыштарын өз короо -жайлары үчүн пайдаланууну улантууда. Дубалдын урап жатышына аны көрүү үчүн жылына келген 10 миллондой адамдын да салымы бар.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Эшматов Улан, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG