Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:00

Индия Республика күнүн белгиледи


Бул улуттук майрамдын урматына өлкөнүн башкалаасы Делиде аскерий парад өткөрүлүп, анда армиянын техникалык жетишкендиктери көргөзүлдү. Майрамга байланыштуу өлкөдө коопсуздук чаралары да күчөтүлдү. Кабарларга караганда, аскерий параддын алдында башкалаа Делинин чыгышындагы кварталдардан үч согушкер кармалып, алардан ири өлчөмдө жардыруучу заттар менен курал жарак алынган. Кармалгандар коңшу Пакистанды байырлаган "Лашкар-э-Тайиба" террордук уюмунун мүчөлөрү экени айтылууда. Маалымат көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG