Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Пакистанда «канаттуунун сасык тумоосуна» окшош дарттан 4 миллондой жөжө кырылган


Өлкөнүн айыл чарба министрлигинин өкүлү билдиргендей, бул былтыр ноябрь айынан берки көрсөткүч. Эпидемия Карачи шаарынын айланасынан катталган. Андан адамдардын жабыр тартканы тууралуу маалымат болгон жок. "Канаттуунун сасык тумоосу" учурда Азиядагы бир катар өлкөлөрдүн тоок фермаларын каптады. Оору адамдарга да өтүшү мүмкүн. Маселен, андан Таиландда бир, Вьетнамда алты киши набыт болгону ырасталды. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Питер Кордингли бул тууралуу бүгүн төмөнкүлөрдү билдирди:

- Эгер бул вирус адамдарга өтсө, кадимки сасык тумоонун вирусу менен аралашып, жаңы, бизге белгисиз вируска айланат. Ошондо биз глобалдык мүнөздөгү олуттуу проблемага туш болобуз.

XS
SM
MD
LG