Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:31

Швецияда геноцидге каршы эл аралык конференция өтүп жатат


Стокгольмдагы жыйындын ишине алтымыштай өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде бир нече өлкөнүн мамлекет башчылары катышууда. Үч күнгө созулуучу форумда геноцид коркунучун аныктоонун методдорун, массалык кыруулар менен этникалык тазалоолорду алдын алуу маселелери талкууланат. БУУнун башкатчысы Кофи Аннан жыйындын ачылышында сүйлөгөн учурунда буларга токтолду:

- Өзгөчө 1990-жылдары мурдагы Югославияда жана Руандада орун алган окуялар - маскарачылык. Эл аралык коомчулукта бул окуяларды болтурбоого мүмкүнчүлүктөр бар эле. Бирок ага эрк жеткен эмес. Аларды эскерүү Улуттар Уюму үчүн өкүнүчтүү.

Конференцияга каршы болгондор да бар. Маселен пацифисттер Стокгольмда альтернативалуу жыйын өткөрүп жатышат. Алар швед бийликтерин жыйынга палестиндер, күрддөр менен чечендер чакырылбаганы үчүн сынга алышты.

XS
SM
MD
LG