Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

Британ тышкы иштер министринин пикиринде Саддам Хусейнге каршы согуш туура


Жек Стронун айтымында, эксперттер Ирактан массалык кыргын салуучу куралдарды таба албаганы "көңүл жубатпайт". Анткен менен ал Саддам Хусейнде андай куралдар болгон жана ага каршы согуш өзүн актады деп эсептейт. Ал эми Иракта иштеген америкалык эксперттер тобунун башчылык кызматынан кетип жаткан Девид Кей кечээ массалык кыргын салуучу куралдар табыларына күмөнсүнүү билдирди. Ал АКШнын коомдук радиосуна берген маегинде мындай деди:

-Мен өзүм көргөндөрдөн улам чыгарган жыйынтыгым боюнча биз Ирактан массалык кыргын салуучу куралдар көп санда катылган жайларды табарыбыз арсар. Менимче андай жайлар жок. Бул менин жеке көз карашым, бирок издөө дагы улантылат. Күтүлбөгөн нерселер да болуп калышы мүмкүн.

Мунун аралыгында БУУнун башкатчысы Кофи Аннан Иракка шийиттер талап кылгандай эрте шайлоону өткөрүү мүмкүнчүлүгүн иликтөөчү топту жиберүү же жибербөө боюнча чечимин бүгүн–эртең жарыялаары күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG