Улуу Кытай дубалы кыскарып баратканын өкмөттүк Синхуа жаңылыктар агенттиги кабарлады. Агенттиктин соңку изилдөөгө таянып билдиришинче, туризм жана айлана чөйрөнү өздөштүрүүдөн улам 6350 чакырымдык дубалдын үчтөн бир бөлүгү калган.
Улуу Кытай дубалынын алгачкы бөлүгү Цин династиясы доорунда, биздин заманга чейинки 221-206-жылдары курулуп, кийин акырындап узартылган.
Миң династиясы доорунда (1368-1644-жж.) дубалдын Бээжинди курчаган бөлүгү оңдолуп кайра курулган.
1949-жылы Кытайда бийликке коммунисттер келгенден берки жылдары да Улуу дубалдын айрым бөлүктөрү оңдолгон.
Жыл сайын байыркы чепти көрүү үчүн 10 миллионго жакын турист келет.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Амирбек Азам уулу