Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:33

К. Пaуэлл россиялык ишкерлер менен эмне жөнүндө сүйлөшөт?


Москвада сапарда жүргөн АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бүгүн россиялык көрүнүктүү ишкерлер жана жаштар менен жолугушат.
Пауэлл дүйшөмбү күнү Россиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Эки саясатчы тең россиялык-америкалык байланыштар, кээ бир келишпестиктер болгонуна карабастан, туруктуу нукта өнүгүп жатканын белгилешти.
Алар ошондой эле Ирактагы кырдаалды талкуулашып, Путин Улуттар Уюмун Иракка кайтып келүүгө чакырды.
Тышкы иштер министри Игорь Иванов Россия Грузиядагы эки аскердик база боюнча талашты жөндөө үчүн грузин жетекчилиги менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.
Бул билдирүүнү Иванов дүйшөмбү күнү америкалык коллегасы Колин Пауэлл менен чогуу өткөргөн пресс-конференцияда жасады.
Грузиянын жетекчилиги россиялык базалардын тезинен жабылышын каалайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG