Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Ирактык козголоңчулар полициянын дагы 6 кызматкерин өлтүрүштү


Акыркы 24 саатта ирактык козголоңчулар Ирактын ортолук бөлүгүндө бери дегенде полициянын алты кызматкерин өлтүрүштү.
“Козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөн полиция кызматкерлеринин саны 300гө жакындап калды. Козголоңчуларга каршы күрөшүү үчүн атайын чалгындоо кызматы түзүлдү”, - деп билдирди Ирактын убактылуу өкмөтүнүн ички иштер министри Нури Бадран дүйшөмбү күнү.
Кошмо Штаттардын вице-президенти Дик Чейни дүйшөмбү күнү Италиянын Сенатында сүйлөгөн сөзүндө, америкалык күчтөрдүн Иракка басып кирүүсүн актады.
“Саддам Хусейн кармалды. Эми ал терроризмди колдой албайт жана кыргын салчу куралга ээ болууга умтулбайт”, - деди Чейни.

XS
SM
MD
LG