Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

ИРАК: МАССАЛЫК КЫРГЫН САЛУУЧУ КУРАЛДЫН ИЗИ ТАБЫЛАБЫ?


Ирактын массалык кыргын салуучу куралы табылабы? Дегеле, Саддам тыюу салынган куралга ээ болгонбу? АКШнын жогорку мартабалуу өкүлдөрү тарабынан жакында жасалган комментарийлер Ирактын куралы боюнча кызуу талаш-тартышты күчөттү.

Өткөн жума күнү америкалык жана британдык курал инспекторлорунан куралган “Ирак боюнча көзөмөл тобунун” жетекчиси Дэвид Кэй кызматынан чегинди. Жекшембиде АКШнын улуттук радиосуна берген интервьюсунда Кэй Иракта химиялык же биологиялык кыргын куралдын бар экенине дээрлик ишенбей турганын кайталады:

- Мен көргөн-билгениме таянып, жыйынтыктап айтсам, куралдын кеңири запастарын табышыбыз арсар. Менимче, алар жок. Бул менин жеке көз-карашым. Иликтөө улантылып жатат. Бирок Иракта таң калычтуу жагдайларга четинен туш болосуң. Менин жеке пикиримде, биз аскерий программанын айрым бир бөлүктөрүн таба алабыз, кээ бирлери абдан маанилүү, мисалы, ракета чыгаруу тармагын алсак. Химиялык жана биологиялык куралдын чоң кору болсо, менимче, табылбайт.

Кэйдин кызматтан кетишинен көп узабай, АКШнын мамлекеттик катчысы Коллин Пауэлл дагы Хусейндин режими массаллык кыргын салуучу куралга эгедер болгон эместир деген жоромолун айтты. Тбилисиге жол тартып бараткан жеринен кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Пауэлл: “Иракта тыюу салынган курал сакталган канча жай бар, эгер алар бар болсо, кайда катылган, эгер жок болсо, эмне үчүн биз күн мурунтан кабардар болгон эмеспиз” деген суроолор ачык бойдон кала берүүдө”, - деди.

Ошентип, Ирактын куралы жөнүндөгү талашка жаңы жем ташталды.
Айрым саясий аналитиктер Дэвид Кэйдин комментарийлерин президент Буштун дарегине түздөн түз сын катары сыпатташты. Бирок Кэй жоопкерчилик мамлекет башчыга эмес, аны бурмаланган маалымат менен камсыз кылган чалгындоо кызматтарына жүктөлүшү керек деп эсептейт.

Баш инспектордун айтымында, Иракта курал чыгаруу долбоору жөнүндө ишеничтүү маалымат чогулта турган америкалык тыңчылар жетишсиз болгон.

Ак Үй Кэйдин сөзүнө жооп кайтарбаганы менен, Саддамдын мыйзамсыз куралы табылат деген ырастоосун дагы бир ирет кайталады.

Лондондук эксперт Ян Кемп курал табуу аракеттеринен майнап чыкпаган сайын, коомдук ишенбөөчүлүк өсүшү мүмкүн деген пикирди карманат. Анын үстүнө, Саддам баш болуп, анын режиминин көпчүлүк төбөлдөрү колго түшүрүлгөн.

Мындан улам, Хусейн өзү өлкөнүн курал программасы жөнүндө жалган маалымат менен камсыздалып турчу деп болжолдошко негиз бар деп эсептейт Кемп:

- 1991-жылкы согуштан бери Ирактын көпчүлүк расмий өкүлдөрү өздөрү жооп берген тармакта алга жылуу бар деп, Саддамга апыртып-көбүртүлгөн маалымат берип турушукан болушу ыктымал. Ирактын курал программасына айкындык киргизүүгө жетишсек, бул абдан кызыктуу болот деп ойлойм.

АКШнын өзүндө президенттик шайлоого даярдык өнөктүгү кызуу өтүп жатканын эске алсак, Ирактын куралы азыркы администрациянын оппоненттери – демократтарга саясий упай топтоо үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берди.

Демократтардан талапкер болууга умтулуп жаткандардын бири, сенатор Жон Керри инспекторлор тобунун башчысы Кэйдин сөздөрү ал өзү көптөн бери кайталап келаткан жүйөөлөргө шайкеш келээрин айтып, убагында Саддамдын биологиялык жана химиялык куралы жөнүндө так маалымат берилсе, балким, Сенат Буш администрациясына согуш баштоого уруксат бербейт болчу деген оюн кошумчалады.

Баса, Дэвид Кэйдин ордун баскан Чарлз Дуэлфер дагы Иракта массаллык кыргын салуучу куралдын изи табылаарына көп ишенбейт.

XS
SM
MD
LG