Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

ОРУСИЯДА СЕРГЕЙ ЮШЕНКОВДУН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА СОТ ЖАРАЯНЫ БАШТАЛДЫ


Төрөкул Дооров, Москва Былтыр 17-апрелде орусиялык депутат Сергей Юшенков өз үйүнүн маңдайында белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн эле. Ушул дүйшөмбүдө Москва шаардык соту бул кылмыш иши боюнча сот ишин 2-февралга белгилеп, ал үчүн атайын антчылдар сотун (суд присяжных) топтоду.

Сергей Юшенков «Либералдуу Орусия» партиясынын жетекчилеринин бири болчу. Аталган партиянын мүчөлөрү ортосунда пикир келишпестик пайда болуп, ал эки башка топко бөлүнүп кетет. Бир тарабында Юшенков, экинчи тарабында Борис Березовский турат. Ошол маалда партияны саясий чоң окуя күтүп турган. Эки тараптагылар тең парламенттик шайлоого каттоодон өтүүгө далалат жасап атышкан кезде, Березовскийди артка калтырып, Юшенков Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өтүп алат. Ошол эле күнү (2003-жылдын 17-апрелинде) Юшенковду белгисиз адамдар атып кетишкен.

Депутат, тергөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, айрымдардын «саясий кызыкчылыктарынын» айынан өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө тиешеси бар же аны өлтүргөн деген айып менен алты адам кармалган. Алардын негизгиси - Михаил Коданев – Березовский тараптагы «Либералдык Орусия» партиясын жетектеп тургандардын бири. Ушул эле тизмеде Каденовдун орун басары Александр Винник жана кылмышты жасоого көмөктөшкөн деп шектелип жаткан төрт атуул бар. Алар - Коми республикасынын тургундары.

Булардын баарына Орусиянын Кылмыш кодексиндеги «мамлекеттик ишмерге кол салган», «адам өлтүргөн» жана «мыйзамсыз түрдө курал сактаган» деген беренелер боюнча айып тагылууда.

Анткен менен Михаил Коданев айыпты мойнуна алууну каалабайт. Ошол эле учурда, орусиялык соттордун акыйкаттуулугуна да шектенип жаткандыгын жашырбады. Анын жеке талабы боюнча Москва шаардык соту атайын антчылар сотун түздү. Бул сотко мүчө болууну каалаган 50 талапкердин ичинен 14 адам тандалып алынды. Эми алар Коданевдун тагдырын чечишет.

Айыпталуучунун адвокаты Генри Резниктин ишениминде, антчылар соту жөнөкөй соттон айырмаланып, көп учурда акыйкат өкүм чыгарат.

- Демейдеги сот жараянында айыпталуучу өтө эле сейрек акталат. Ал эми антчылар сотунда айыпталуучуну күнөөсүз деп табуу көбүрөөк кездешет. Коданев өзүн айыпсыз деп эсептейт. Демек, аны коргоону колго алабыз.

Антчылар соту, негизи, жалпы юрисдикцияга тиешелүү соттон кандайча айырмаланат. Жалпысынан алып караганда, антчылар сотуна жашы 25тен өткөн, буга чейин соттолбогон ар бир эле адам өз талапкерлигин койсо болчудай. Ал эми иш жүзүндө антчылар сотуна мүчөлөрдү тандоо жараяны кандай өтө тургандыгы тууралуу адвокат Анна Ставицкая төмөнкүлөрдү билдирди:

- Антчылар сотуна мүчөлөрдү жергиликтүү бийлик тандайт. Адатта бул сотко мүчөлөр акыркы шайлоодо көрсөтүлгөндөр ичинен тандалып алынат. Сотко мүчө катарында буга чейин соттолгондордон, майыптардан жана шайлоочу эмес деп табылгандардан сырткары баардык каалоочулар катталууга укуктуу.

Орусияда антчылар соту 1995-жылы түзүлгөн. Орусия тарыхында 2-февраль күнү аталган соттун курамы биринчи жолу «саясий өлүм» тууралуу кылмыш ишин кароого киришет.

XS
SM
MD
LG