Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:39

КАЗАКСТАНДЫН ПАРЛАМЕНТИ ШАЙЛОО СИСТЕМАСЫН ӨЗГӨРТҮҮГӨ ТАЛАПТАНУУДА


Шейшекан Жаналиева, Прага Казакстандын парламенти шайлоо системасына өзгөртүү киргизүү тууралуу демилге көтөрүп жатат. Ага демократиялык күчтөр аяр кароодо. Айрым саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын лидерлеринин пикирлерине караганда, Казакстанда мындай реформа болсо да ал таза шайлоонун өтүшүнө кепил болуп бере албайт.

Өткөн дүйшөмбү күнү парламенттин кош палатасы тең Казакстанда шайлоо системасын өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алган. Буга чейин өлкөдөгү шайлоо системасы көп сындалып келген. Анткени, шайлоо системасында бир топ мыйзам бузууларга жол берилген.

“Демократиялык тандоо” деп аталган коомдук уюмдун жетекчилеринин бири Петр Своиктин айтымында, мындай реформа өткөрүлсө да, ал таза шайлоонун болушуна кепил боло албайт. Бирок, жаңы система боюнча мыйзам бузууларга анча-мынча болсо да бөгөт коюлат.
Ал эми “Азаттыктын” Казак кызматынын кызматкери Ержан Карабектин пикиринде, шейшемби күнү Казакстанда парламенттик шайлоо системасына өзгөртүүнүн жобосу каралды. Бул маселе жалпы элдик талкууга коюлганы менен ал формалдуу өтөт.

“Аул” деп аталган партиянын өкүлү Гани Калиев парламентте чыгып сүйлөп, ал “жаңы мыйзамды даярдаган өкмөт таза шайлоо өткөрүүгө катуу белсенип алды”, - деп айтты.

Парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын аягында өтөт. 2006-жылы болсо президенттик шайлоо өтүшү керек. Көз каранды эмес серепчилердин пикирлеринде, мурдагы шайлоолордун жана реформалардын бардыгы өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин жеке кызыкчылыгына, ошондой эле анын пайдасына иштеген.

Шайлоо системасын өзгөртүү боюнча биринчи долбоор даярдалганда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму казак өкмөтүн катуу сынга алган. Ошондуктан, ушул тапта даярдалган шайлоо системасы боюнча экинчи долбоорго бир топ кыйла өзгөртүүлөр киргизилген.

Казакстандын бир кездеги коммунисттик партиясынын жетекчиси Назарбаев өлкөнү 1991-жылдан бери башкарып келе жатат. Оппозициядан чыккан кубаттуу уюмдарды ал мыйзамсыз кылып, алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюп салганы сынга алынууда. Айрым оппозиция лидерлери абакка салынган. Маселен, “Демократиялык тандоо” саясий партиясынын жетекчилеринин бири Галимжан Жакиянов ушул күнгө чейин абактан бошотула элек.
Казакстандын маалымат каражаттары да өкмөттүн катуу көзөмөлүнө алынууда жана коррупция менен чет өлкөлүк ишкерлерден пара алган фактылардын тегерегиндеги окуялар тууралуу маалымат каражаттары сейрек жаза баштады.

Акыркы кезде болсо президенттин тун кызы Дарига Назарбаева жетектеген “Ашар” партиясы күчтөнүп баратат. Ага бардык жерде жол ачык. Бул партия өлкөнүн юстиция министрлигинин катттоосунан да тез өттү.

Укук коргоочу Петр Своиктин айтымында, шайлоо системасындагы өзгөрүүлөр кагаз жүзүндө жакшы, бирок мындай реформаларды турмушка ашыруу кыйын. Ошондуктан, түз мыйзам бузууларга баргандан мурда бийлик маалымат каражаттарын өз көзөмөлүнө алууга аракеттенет, - дейт Своик.

Кээ бир байкоочулардын пикирлерине караганда, Тбилисидеги бийликтен Шеварднадзе кеткенден кийин Назарбаев мырза демократия жөнүндө көбүрөөк сүйлөп калды.

Башка байкоочулардын баамдоосу боюнча, мунайга өтө бай Казакстанды Назарбаев эл аралык сахнага чыгарууга аракеттенүүдө. Мисал үчүн алты ай сайын алмашылып турган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы төрагалыкты Казакстан да аркалоого тийиш, - деп айтты Назарбаев.

Муну уккан АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл “ЕККУга төрага болоордон мурда Казакстан өз үйүндө тартип орнотуп алсын” деген кескин сын пикирин билдирди.

Пауэллдин пикиринде, төрага болуш үчүн кайсыл бир өлкө ЕККУнун талаптарын аткарууга жетишиши керек.

Ал эми башка бир байкоочулардын айткандарына караганда, демократиянын камсыз болушу үчүн Казакстанда көп нерсе жасалууга тийиш. Бир Батыш байкоочусунун айтымында, азырынча Казакстан өзүнүн авторитардык мүнөзүн демократиялык кол жоолукка ороп жазгырып көрсөтүүгө жетишти.

Расмий Астана болсо өлкө либералдык реформаларды ийгиликтүү жүзөгө ашырып жатат деп санайт.

XS
SM
MD
LG