16-февралда Исламабадда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери жолугушуп, кеңири чөйрөдөгү маселелерди, айрыкча Кашмир проблемасын талкуулашат. Бул тууралуу бүгүн Исламабадда жана Нью-Делиде жарыя кылынган билдирүүдө айтылды. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү баштоону ушул айдын башында Индия менен Пакистан лидерлери макулдашкан эле.