Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:36

Франция менен Кытай Тайвандагы референдумга каршылык билдиришти


Бул жөнүндө биргелешкен билдирүүгө Парижде француз президенти Жак Ширак менен Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао кол коюшту. Кытай лидери бу күндөрү Парижде визит менен жүрөт. Жак Ширак Кытайдын биримдиги жөнүндөгү Франциянын туруктуу позициясын кайра ырастаганын айтып, ушул аңыттан улам ар кандай бир тараптуу демилгеге, анын ичинде референдумга каршы экенин, мындай кадам Тайван булуңундагы кырдаалды курчута тургандыгын белгиледи. Тайван бийликтери быйыл марттагы референдумга ракетадан коргонуу күчтөрүн чыңдоо жөнүндөгү маселени койгону жатышат. Парижде кол коюлган декларацияныТайван сынга алып, француз президентинин позициясын демократияга каршы келген кадам деп баалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG