Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

Иран президенти эмдиги айда шайлоо болорун бышыктады


Ислам революциясынын көзөмөл кеңеши реформаны колдогон сегиз миңден ашуун талапкерди, алардын ичинде азыркы парламенттин сексен мүчөсүн шайлоого катышуу укугунан ажыраткан эле. Кечээ иран өкмөтү адилетсиз шайлоону колдобой турганын эскерткен. Бирок бүгүн президент Мохаммад Хатами Тегерандагы пресс-конференцияда реформачыл депутаттар менен бирге эркин шайлоо өткөрүлүшүн, ал атаандаштык маанайда болушун талап кыларын белгиледи. Шайлоодон баш тартуу Иранга демократиядан баш тартууну билдирмек, деп көрсөттү Хатами. Акыркы маалыматтарга караганда, көзөмөл кеңеши жарым миңдей талапкерге шайлоого катышканга уруксат берди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG