Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Иракка ООНдун эксперттери жөнөтүлөт


Бул тууралуу билдирүү жасап, ООНдун баш катчысы Кофи Аннан Иракта жалпы элдик шайлоо өткөрүү боюнча олуттуу пикир келишпестиктер пайда болгонун, бу маселенин башын ачканы Багдадга эксперттерди жиберүүнү чечкендигин маалымдады. ООНго ушундай өтүнүч менен Кошмо Штаттары кайрылган эле. Аннан коалициялык администрация эл аралык эксперттердин коопсуздугун тийиштүү деңгээлде камсыз кылууга милдеткер экенин да эскертти. Ирактагы шийиттердин диний адыйы аятолла Али ал-Систани жакын арада шайлоо өткөрүүнү талап кылууда. Вашингтон болсо Иракта азыркыдай шартта жалпы элдик добуш берүү ишин уюштурууга мүмкүн эмес деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG