Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Феликс Куловдун соттолушу боюнча коомдук угуу эртең өтмөкчү


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын камакта жаткан төрагасы Феликс Куловдун соттолушуна арналган коомдук угуу эртең болот. Коомдук угууну өткөрүүгө «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму демилгечи болуп, угуу өтүүчү жайды «Форум» өнөр жай тобунун жетекчиси Алмаз Атамбаев ишкана имаратынын ичинен бөлүп берди. Коомдук угууга Феликс Куловдун сот
жараяндарына катышкан адвокаттар жана соттор катышып, күбө катары тартылган адамдар көрсөтмө беришет. Феликс Куловду жактоочуларга жана анын айыпталышын колдогондорго да өз ой-пикирлерин айтууга мүмкүнчүлүк берилет. Феликс Куловдун соттолушуна арналган коомдук угуу Кыргызстандагы адам укуктары менен мыйзамдуулуктун абалына жергиликтүү жана эларалык коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурулуп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG