Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:40

ЖАҢЫ ШАЙЛОО КОДЕКСИ БОЮНЧА ПИКИРЛЕР АРКЫЛ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Мамлекет башчы тарабынан кол коюлган «Шайлоо кодексине өзгөртүү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев жана мыйзам долбоорунун демилгечилери болгон депутаттар Өмүрбек Текебаев, Ишенбай Кадырбеков Өкмөт үйүндө маалымат жыйынын өткөрүштү. Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин «Эми Шайлоо кодекси эларалык талаптарга жооп берген эң жакшы мыйзам болду» деген баасына оппозиция өкүлдөрү макул эместигин билдиришти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин маалыматына караганда, Шайлоо кодексин иштеп чыгууда президенттик администрация, Борбордук шайлоо комиссиясы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары, бейөкмөт жана эларалык уюмдардын өкүлдөрү чогулуп жарым жыл бою тынбай иш алып барышкан. Натыйжада, мурдагы Шайлоо кодексине эки жүздөн ашык кошумча-алымчалар киргизилди. Сулайман Иманбаевдин пикиринде, эларалык жогорку деңгээлдеги мыйзам болду:

- Эларалык талаптарга жооп берген, жетишээрлик деңгээлдеги жакшы Шайлоо кодекси кабыл алынды. Талкуунун жүрүшүндө биз мүмкүн боло турган кошумчалардын баарын эске алдык.

Сулайман Иманбаев мурдагы Шайлоо кодексине бир нече багыттар боюнча өзгөртүү, толуктоолор киргизилди. Тагыраак айтканда, шайлоо комиссияларын түзүү, депутаттыкка же президенттикке талапкерлерди көрсөтүү, шайлоону өткөрүү тартибине жана шайлоонун калыс, ачык өтүшү, массалык маалымат каражаттарын үгүт иштерине катыштыруу тууралуу эрежелерге өзгөртүү боюнча маселелер. Журналисттерди Шайлоо кодексиндеги «чет элдик массалык маалымат каражаттары үгүт иштерине катыша албайт» деген эреже өзгөчө кызыктырды. Сулайман Иманбаевдин айтымында, аталган мыйзам долбоорунун 30-беренесинде «чет элдик массалык маалымат каражаттары үгүт иштерине катыша албайт» деп жазылып, бирок алардын бул же тигил талапкер тууралуу маалымат берүүгө укугу ачык көрсөтүлдү. Ошондой эле аталган беренеде «үгүт» жана «маалымат» деген сөздөргө так аныктама берилди. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков төмөндөгүдөй пикирин билдирди:

- «Үгүт» деген сөзгө аныктама берилди. Ошондуктан, чет элдик маалымат каражаттары тигил же бул талапкерди мактабай, жактабай, талапкерлер тууралуу жөн гана маалымат берүүгө укуктуу.

Сулайман Иманбаевдин маалыматына караганда, буга чейинки парламенттик шайлоолордо элдин көп добушун алган талапкерлер соттун чечими менен шайлоодон четтетилип, ал эми аз добуш алган талапкер депутаттык мандатка ээ болгон учурлар кездешкен. Жаңы Шайлоо кодексинде мындай аракеттерге бөгөт коюлду:

- Жогорку Кеңешке он сегиз депутат сот аркылуу келишкен. Жаңы Шайлоо кодекси боюнча андай болбойт. Сот алып салгандан кийин да кайра шайлоо болот. Мурдагыдай экинчи талапкер депутат болуп шайлана албайт.

Коомчулукка маалым болгондой, Грузияда ар бир шайлоочунун бармагына добуш берүүчү бөлмөгө кире бериш жерде суюктук чачылат. Бул өз мезгилинде
атуулдардын кайталап добуш берүүсүнө мүмкүнчүлүк бербейт. «Мындай эреже 2005-жылга чейин Кыргызстандын Шайлоо кодексине киргизилеби?»-деген суроого депутат Өмүрбек Текебаев мындай жооп узатты:

- Эгерде, Борбордук шайлоо комиссиясы кааласа, өзүнүн токтому менен эле мындай эрежени киргизе алат. Ага көп каражат кетпейт экен.

Аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн жаңы кабыл алынган Шайлоо кодекси тууралуу айткандарына айрым оппозиция өкүлдөрү маакул эмес. Маселен, «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо кыймылынын» жетекчиси Азимбек Бекназаров мындай дейт:

- Мен Шайлоо кодекси «эларалык талаптарга ылайык кабыл алынды» дегенге кошулбайм. Анткени бул мыйзам долбоорунда «шайлоого канча киши катышса, шайлоо өткөрүлдү» деген маселе аныкталбай калды. Тагыраак айтканда, бул Шайлоо кодекси боюнча шайлоого он же жети киши катышса деле «шайлоо болду» деп эсептелине берет. Бул туура эмес. Менин оюмча, шайлоочулардын 20 же 30% катышса «шайлоо өттү» дегендей чек коюшубуз керек эле.
XS
SM
MD
LG